Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жаңы мыйзамга кол коюп, анда президенттин администрациясынын түзүмү жана милдеттери так көрсөтүлдү.

Мыйзамга ылайык, администрациянын башчысы президент тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат. Анын милдеттерине президенттин жарлыктарын, токтомдорун жана тапшырмаларын даярдоо, алардын аткарылышын көзөмөлдөө, социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүү боюнча демилгелерди түзүү, ошондой эле жарандар жана ишкерлер менен ачык диалогду уюштуруу кирет.

Мыйзамдын маанилүү нормаларынын бири — администрациянын жетекчиси автоматтык түрдө президенттин алдында Коопсуздук кеңешинин орун басары болуп саналат. Өзбекстандын Коопсуздук кеңешин президент өзү жетектейт.

Учурда президенттин администрациясын Шавкат Мирзиёевдин чоң кызы Саида жетектейт. Мыйзам күчүнө кирген соң, 41 жаштагы Саида Мирзиёева ошондой эле Коопсуздук кеңешинин орун басары кызматын аркарат.