Стивен Гиллен кызматтык ант берүү процедурасынан өтүп, Кыргызстандагы АКШнын жаңы элчиси катары өз ишин баштады. Дипломатиялык өкүлбүлък жаңы дайындалган элчини кызматка кириши менен куттуктады.
Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин билдирүүсүндө Гиллендин тажрыйбасы эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жардам берерин белгилешет. Ал улуттук коопсуздук жана кризистик дипломатия тармагында кеңири тажрыйбасы бар жогорку деңгээлдеги дипломат болуп саналат.
- 2026-жылдын август айы
АКШ президенти Дональд Трамп Стивен Гиллендин Кыргызстанга элчи болуу кандидатурасын сунуштаган
- 17-сентябрь
Дипломат Сенаттын эл аралык мамилелер боюнча комитетинде угуудан өткөн
- 30-сентябрь
Сенат анын кандидатурасын расмий түрдө бекиткен
Стивен Гиллен бул кызматта 2022-жылдан бери Кыргызстандагы АКШнын дипломатиялык миссиясын жетектеп келген Лесли Вигеринин ордун басты.













