ИнсанЭскерүүлөр: 9

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Америкалык инвесторлор мамлекеттик процедуралардын туруксуздугу жана бизнес жүргүзүү шарттарынын ачык эместиги себептүү өлкөгө каражат жумшоого тартынбай жатканын билдирди. Дипломат капиталды тартуу үчүн мыйзамдардын туруктуулугу жана мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгы өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Лесли Вигери Кыргызстандагы АКШ элчиси кызмат ордун таштап, миссиясын аяктады. Анын ордуна жаңы элчи Стивен Гиллен дайындалып, өзүнүн ишине киришти.

Кыргызстандын банктык жана криптовалюта тармактарындагы санкциялык тобокелдиктер өлкөнүн эл аралык аброюна жана чет элдик инвестицияларды тартууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери билдирди.

Стивен Гиллен Кыргыз Республикасындагы АКШнын өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматына расмий түрдө киришти. Бул тууралуу Бишкектеги Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги билдирди.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.