2021-жылдан тарта райондо 41 ири ишкана жана 189 чакан жана орто бизнес объектиси ишке киргизилди. Жумуш орундарынын саны 5,8 эсеге өстү.
Ачылган ишканалар
Ошондой эле бул мезгилде 8 мектеп, 12 бала бакча, 16 медициналык мекеме жана 21 спорттук объект курулду. 167 км жол асфальтталып, жалпы кубаттуулугу 21,4 МВт болгон төрт чакан ГЭС пайдаланууга берилди.
Курулган объектилер
Райондун актуалдуу көйгөйлөрүнүн катарында тазалоочу курулмалардын жетишсиздиги жана «Семетей» жаңы конушунун инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.















