президента Садыр Жапаров Сокулук районуна болгон иш сапарынын алкагында 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жана инвестициялык долбоорлордун келечеги менен таанышты.

Курулган жана өркүндөтүлгөн объектилер

4чакан ГЭС
21,4 МВтжалпы кубаттуулугу
167 кмасфальтталган жолдор
27 кмтротуарлар

Бул мезгил аралыгында жалпы кубаттуулугу 21,4 МВт болгон 4 чакан гидроэлектростанция ишке киргизилип, 167 чакырым автомобиль жолу жана 27 чакырым тротуар асфальтталды.

Суу менен камсыздоо долбоору

Калкты таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жана санитария системаларын өнүктүрүү максатында 26 айылда «Тунук Суу» долбоору ишке ашырылууда.

Техника сатып алуу

Мамлекеттик лизинг компаниясынын колдоосу менен муниципалдык ишканалар үчүн 31 бирдик техника, ал эми айыл чарба тармагы үчүн 116 бирдик техника сатылып алынган.

Бул чаралар райондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.