Бишкек шаарында 6-декабрдан 10-декабрга чейин «ЭХО БДФ Кыргызстан» эл аралык программасы өткөрүлөт. Бул иш-чаранын алкагында балдар жана өспүрүмдөр үчүн спектакльдер, мультфильмдер, кинолор жана мастер-класстар сунушталат.
Мамлекеттик маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстан бул жылы Норвегия менен Абхазиядан кийин иш-чараны кабыл алган үчүнчү өлкө болду.
Фестиваль программасы
Фестивалдын ачылышы 6-декабрда Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Ошол күнү Максим Горький атындагы Москва художестик академиялык театрынын «Кичинекей ханзада» музыкалык жомогу көрсөтүлөт. Спектакль Сергей Пащенко башкарган МХАТ оркестринин коштоосунда аткарылат. Башкы рольду Сергей Безруков ойнойт.
Иш-чаранын программасына Россиянын ар кайсы шаарларынан келген спектаклдер, кыргыз театрларынын мыкты коюлмалары, кино көрсөтүүлөрү жана заманбап жазуучулар менен жолугушуулар кирет. Ошондой эле балдар үчүн актердук чеберчилик, вокал жана бий боюнча чыгармачылык сабактар жана биринчи жолу өтө турган театрлык лаборатория пландаштырылган.
Уюштуруучулар
Фестивалды Сергей Безруковдун социомаданий долбоорлорду колдоо жана өнүктүрүү фонду менен Максим Горький атындагы Москва художестик академиялык театры уюштурууда. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин катышуусу менен өткөрүлөт.
- 6-декабрь
Фестивалдын ачылышы жана «Кичинекей ханзада» спектакли
- 6-10-декабрь
Фестивалдын негизги программасы жана мастер-класстар








