Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, мамлекеттик «Ала-Тоо Резорт» курортунун ачылышына чейин социалдык тармактарда жана мессенджерлерде Жыргалан айылына барууну уюштуруу, транспорттук жана логистикалык кызмат көрсөтүү боюнча ар кандай жарнамалар тарап жатат. Кээ бир алдамчылар кызмат акысын алдын ала банктык эсептерге же белгисиз телефон номерлерине которууну талап кылышат.
Куржуттун ачылышына баруу үчүн транспорттук маселелерге да көңүл буруу зарыл. Тоолуу рельефти жана кышкы аба ырайын эске алуу менен, курортко түз баруу үчүн толук өткөргүчтүүлүгү бар (полный привод) унаалар гана ылайыктуу келет. Жөнөкөй жеңил унаалар менен жолду ашуу кыйынчылыктарды жаратышы же мүмкүн эмес болушу мүмкүн.
Коопсуздук жана ыңгайлуулук үчүн Жыргалан айылында атайын унаа токтотуучу жай (парковка) уюштурулат. Ал жерден салтанаттуу ачылыш өтүүчү жерге атайын даярдалган вездеходдор аркылуу борборлоштурулган ташуу иштери жүргүзүлөт. Коноктор өз унааларын парковкада калтырып, уюштурулган транспортту колдонуусу сунушталат.
- 2026-12-01 — Жыргаланда «Ала-Тоо Резорт» курортунун салтанаттуу ачылышы
















