Соңку күндөрү массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Фергана өрөөнүндө жакын арада күчтүү жер титирөө болоору тууралуу билдирүүлөр активдүү тарап жаткан. Айрымдары аймактагы тектоникалык кесилиштердин сейсмикалык коркунучту жогорулатканы жөнүндө маалыматтарды тараткан.
Өзбекстан илимдер академиясынын сейсмология институту аталган маалыматтар илимий фактыларга негизделбестигин, коомдо керексиз чочулоого негиз болбоону эскертти.






















