Бишкекте Кок-Жар айылынын Достоевский менен Анкара көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан №172 контурда айыл чарба багытындагы жерлерде мыйзамсыз соода жүргүзүүгө бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү.
Бул иш-чара регионалдык жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын Бишкек жана Чүй облусундагы өкүлдөрү тарабынан уюштурулуп, анда муниципалдык аймак администрациясынын жана Балыкчы шаарынын муниципалдык инспекциясынын өкүлдөрү дагы катышты.
Негизги максат - айыл чарба багытындагы жерлерде закон бузуу менен саженец жана ар кандай дарактарды сатуу фактыларын алдын алуу жана жарандарга түшүндүрүү жүргүзүү. Соодагерлер түшүндүрүү иштери аяктагандан кийин өздөрүнүн соода жайларын эркин бошотуп, жерден кетишти.
















