Министрлер кабинети ведомстволук ардак наамдарды уюштуруу боюнча жаңы токтом бекитти. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул токтомго кол койгон.

Жаңы токтомго ылайык, 23 ардак наам мамлекеттик деңгээлде белгиленди. Алар ар кайсы тармактарда өзгөчө эмгек сиңирген жана өнүгүүгө салым кошкон кызматкерлерге ыйгарылат.

23 ардак наамдын тизмеси

  • Эмгек сиңирген артист
  • Эмгек сиңирген врач
  • Эмгек сиңирген ойлоп табуучу
  • Эмгек сиңирген куруучу
  • Эмгек сиңирген мугалим
  • Эмгек сиңирген юрист
  • Эмгек сиңирген экономист
  • Эмгек сиңирген ишкер
  • Маданиятка эмгек сиңирген ишмер
  • Илимге эмгек сиңирген ишмер
  • Геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер
  • Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер
  • Саламаттык сактоого эмгек сиңирген кызматкер
  • Жергиликтүү өз алдынча башкарууга эмгек сиңирген кызматкер
  • Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер
  • Жаратылышты коргоого эмгек сиңирген кызматкер
  • Өнөр жайга эмгек сиңирген кызматкер
  • Маалыматтык-коммуникациялык технологияларга эмгек сиңирген кызматкер
  • Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер
  • Калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер
  • Транспортко эмгек сиңирген кызматкер
  • Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер
  • Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасына эмгек сиңирген кызматкер

Ардактуу наамдар тийиштүү тармактардын өнүгүшүнө зор салым кошкон Кыргызстандын жарандарына, чет элдиктерге жана жарандыгы жок адамдарга ыйгарылышы мүмкүн.