Өзбекстандын Ташкент шаарында 6-8-ноябрда самбо боюнча 50-дүйнөлүк чемпионаты өтүп жатат. Турнирдин биринчи күнүндө, 6-ноябрда, кыргызстандык спортчулар ийгиликтерди жаратышты. Бул тууралуу тиешелүү спорт федерациясы билдирди.
Айрым салмак категориялары боюнча 11 жеңүүчү жана призер аныкталды. Жалпысынан медаль үчүн 101 өлкөнүн өкүлдөрү күрөшүп жатат.
«Көргөс адамдардын самбосу» дисциплиясында 50 килограммга чейинки салмак категориясында кыргызстандык Надежда Рак алтын медаль утуп алды. Финалдык бетте ал Өзбекстандын өкүлү Чарос Ортикованы жеңип өткөн.







