Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин койгон адамдар менен жолугушуп, алардын сунуштарын жана көйгөйлөрүн укту. Жолугушуунун негизги максаты шайлоого даярдык көрүүдө кандай кыйынчылыктар жаралып жатканын жана жасалма тоскоолдуктардын бар-жогун түздөн-түз аныктоо болду.

Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек. Мурдагы шайлоолордогу административдик басым, коркутуу жана жасалма тоскоолдуктар артта калышы керек.
Садыр Жапаров

Өлкө башчысы алдыдагы президенттик шайлоонун таза, ачык-айкын жана адилеттүү өтүшүнө жеке өзү кызыкдар экенин баса белгиледи. Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин милдети кайсы бир талапкерге эмес, элге жана мамлекетке кызмат кылуу экенин эскертти.

Садыр Жапаров кызматкерлерди административдик ресурсту пайдаланууга, кызматкерлерди же жарандарды белгилүү бир талапкерди колдоого мажбурлоого жол бербөөгө чакырды.