Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Баатыр Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган болжолдуу жерди аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Комиссия жергиликтүү изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тактоо иштерин жүзөгө ашыруу үчүн чыгат.

Комиссиянын төрагасы болуп Маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов дайындалды. Иштин жыйынтыгы боюнча комиссия өз корутундусун 20-декабрга чейин сунушташы керек.

Комиссиянын курамы

  • Тарых, археология жана этнология институтунун директорунун орун басары Тыныстан Арзыбаев
  • Кыргыз Республикасынын Баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов
  • Президент администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн стратегиялык пландоо жана реформаларды башкаруу анализи бөлүмүнүн башкы эксперти Замирбек Турсунбеков
  • Кыргыз Республикасынын маданият ишмери, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Молдокасымов
  • Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басары Нурбек Жумалиев
  • Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы башкармалыгынын башчысы Урмат Баялиев
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бажы башкармалыгынын орун басары Кубат Мукашев
  • Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мира Курманова
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн профессору, тарых илимдеринин доктору, археолог Кубатбек Табалдыев
  • Жусуп Балыев атындагы КУУнун Тарых институтунун археология, этнография, булак таануу жана тарыхчылык кафедрасынын доценти Орозбек Солтобаев
  • Уланбек Далиев — региондорду өнүктүрүү секторунун башчысы
  • Тыныстан Арзыбаев — Тарых, археология жана этнология институтунун директорунун орун басары