Бул жылы жаан-чачындын көп болушу Кыргызстандын региондорунда кормоочу чөптөрдүн жакшы өсүшүнө өбөлгө түзгөн. Бирок, түшүм мол болгонуна карабастан, Чүй облусунда чөптүн баасы өсүүдө.
Чүй облусунун айыл тургундарынын айтымында, чөптүн баасына күйүүчү-майлоочу материалдардын (солярка), техниканы тейлөөнүн жана жумушчу күчүнүн баасынын көтөрүлүшү түздөн-түз таасир этүүдө.
Чөптү чабуу жана бышып келе жаткан чөптү же саманды жыйноо чыгымдары абдан жогору. Солярка кымбат болсо, чөптүн баасы арзан боло турарбы?
Баалардын жогорулашынан улам айрым фермерлер мал үчүн чөптүн ордуна арпа, буудай же аралаш камкордук (комбикорм) берүүнү пайдалуу деп эсептеп жатышат.
Фермерлердин салыштыруусу
Учурда региондордо чөптүн баасы жана сапаты ар кандай. Кээ бир жерлерде люцернанын бир тюгү 350–450 сомду түзсө, самандын баасы болжол менен 200 сомду түзүүдө.
Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн билдирүүсүнө ылайык, ушул жылы бүткүл облус боюнча 83 457 гектар жер кормоочу чөптөргө эгилген.









