Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров экинчи мөөнөткө талапкер боло турганын 2023-жылдын 13-августунда журналист Али Токтакунов менен маегинде айткан.

Ал өз сөзүндө, президенттикке талапкер болууну каалагандар үчүн жол ачык экенин белгилеп, эч кимди чектебей турганын билдирген.

"Дорога открыта для всех, кто хочет идти — пусть идет. Как говорят по-русски: «флаг в руки». Мы никого не ограничиваем", — деген Садыр Жапаров.

Ошондой эле, өлкө башчысы 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоо максималдуу адилет жана кыйынчылыктарсыз өтөөрүн убада кылды.