Президенттик шайлоодогу бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлүшү жана аларга карата бирдей мамиле жасалышы керек. Бул тууралуу журналисттерге Борбордук шайлоо комиссиясынын төраганын орун басары Айдана Жупуева айтты.

Анын белгилөөсүнө караганда, Президент Садыр Жапаров бардык талапкерлер үчүн тең шарттарды камсыз кылуу зарыл экенин баса белгилеп келет. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Министрлер Кабинетинин алдында республикалык штаб түзүлүп, анын иш планы бекитилген.

Иш планына ылайык, бардык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүү зарылдыгы көрсөтүлөт. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер агитациялык иштерге катышпашы керек.
Айдана Жупуева, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары

Жупуеванын айтымында, эч бир талапкерге өзгөчө мамиле жасалбай, баары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Кыргызстанда президенттик шайлоолор 2027-жылдын 27-январында өткөрүлөт.