Президенттик шайлоого өтүнмө берген адамдар Садыр Жапаров менен кездешүү өткөрүштү. Бул тууралуу жолугушууга катышкан Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев жана Аймен Касенов билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы бардык талапкерлер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга даяр экенин айтты. Анын айтымында, мындай шарттарды түзүү үчүн жетиштүү саясий эрк бар.
Агитация онлайн форматта өтсө жакшы болот.
Талапкерлердин айтымында, Садыр Жапаров сайлоо кампаниясы учурунда жеке адамдарды кемсинтпөөгө чакырган. Ошондой эле ал административдик ресурсту колдонбоо тууралуу убада берген.
Клара Сооронкулованын маалыматы боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген токсон бир адамдын ичинен тогузу адам жолугушууга катышты. Бакыт Калмаматов жана Сыймык Жапыкеев бул кездешүүдө болгон эмес.














