Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде БШКга арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
БШКнын маалыматына ылайык, арыз бүгүн, 10-ноябрда келип түшкөн. Учурда президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз катталган.
Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү процесси 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.










