Иштер шаардын борборунда, Токтогул жана Ж. Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөн башталды. Бул долбоордун алкагында имараттардын фасаддары жана жарнамалык белгилери белгиленген бирдиктүү талаптарга ылайык келтирилет, ошондой эле имараттардын жанындагы аймактар көрктөндүрүлөт.

Дизайн-код шаардын архитектуралык өзгөчөлүгүн сактоо үчүн иштелип чыккан. Муну менен бирге, соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшүн архитектуралык талаптарга шайкеш келтирүү жана жөө жүрүүчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүү каралган.

Бул чаралар Караколду жашоо үчүн ыңгайлуу, архитектуралык жактан уникалдуу жана туристтер үчүн жагымдуу борборго айландырууга багытталган.