Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Беназир Нурланова Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында тамак-аш берүү тармагындагы баалардын өсүшү тууралуу маалымат берди. Учурда антимонополдук кызмат 424 ишканадагы бааларды талдоодо.

СторисТамак-аш берүү тармагындагы баалардын өсүшүСлайддар: 7
  1. Тамак-аш берүү тармагындагы баалардын өсүшү
  2. Баалар эмне үчүн өстү. Антимонополдук кызмат учурда 424 ишкананы текшерип жатат.
  3. 424 ишкана — баалардын өсүшү изилденүүдө
  4. Жашыруун төлөмдөр. 1-январдан тарта тейлөө акысын өзүнчө алууга тыюу салынган болсо, ресторандар аны менюдагы баага кошуп коюшууда.
  5. 50 % — баалардын көтөрүлүшү
  6. Өсүү себептери: Имараттар үчүн жогорку ижара акысы; Кирешени тез табуу максаты
  7. Баалардын салыштырмалуу көрсөткүчү. Мурда тамактар орточо эсеп менен 500 сом тура турган болсо, азыр 1000 сомдон ашып кетүүдө.

Депутат Айсара Абдибаева баалардын эмне себептен көтөрүлгөнүн сураган. Анын айтымында, мурда тамактар орточо эсеп менен 500 сом тура турган болсо, азыр 1000 сомдон ашып кетүүдө. Мындан тышкары, тейлөө акысынын кардарлардан алынышы жарандардын нааразычылыгын жаратууда.

Мурда тамактар орточо эсеп менен 500 сом тура турган болсо, азыр 1 миң сомдон ашып кетүүдө. Өзгөчө адамдар тейлөө акысына нааразы: аны мекемелер өзү төлөшү керек, ал эми алар жарандардан алып жатышат.
Айсара Абдибаева, депутат

Министрликтин орун басары Нурланованын түшүндүрмөсүнчө, Кабминдин тейлөө акысын өзүнчө алууга тыюу салган токтому 1-январдан тарта күчүнө кирген. Бирок ресторандар менюну жаңылаганда бааларды көтөрүп, тейлөө акысын алардын ичине кошуп коюшкан.

Антимонополдук жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев Бишкек шаарында гана тамак-аш берүүчү 9 миң ишкана иштеп жатканын белгиледи. Ал көпчүлүк ишкерлердин арам ойлуу экенин жана кирешени тез табуу үчүн бааларды 15% эмес, 15%дан 50%га чейин көтөрүп жатканын айтты.

Баалардын өсүшүнүн негизги себеби катары имараттар үчүн жогорку ижара акысы көрсөтүлүүдө.

Тамактын орточо баасы500 сом1000 сом +100%