Президент Садыр Жапаров мамлекеттик карызды башкарууда чектөөлөрдү киргизүү тапшырмасын берди. Анын айтымында, карыздын көлөмү Ички дүң продукциянын (ИДП) 50% ашпашы керек.

Азыркы учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 39% ды түзөт. Бул көрсөткүч өлкөнүн карыздык абалын салыштырмалуу туруктуу экенин көрсөтүүдө.

Аталган карыздын ар бир жарандын мойнуна түшкөн бөлүгү болжол менен 1322 АКШ долларын же 115 миң сомдон ашык суммада экени айтылууда.

Жапаров карыздын максаттуу пайдаланылышына да басым жасап, өлкө алган кредиттер конкреттүү долбоорлорго жумшалып жатканын, жана каражаттар «жылып кетпей», натыйжалуу колдонулуусу зарыл экенин белгиледи.

Мында бюджеттик каражаттарды көзөмөлдөө жана экономикага утушка жараша пайдалануу маанилүү экени баса белгиленди.