Кыргызстандын энергетика тармагында 60-70% жабдуулар эскиргени маалым болду. Бул туурасында министр Алтынбек Рысбеков брифинг учурунда билдирди.

Министр белгилегендей, мисалы, трансформаторлор 25 жыл иштөө мөөнөтүнө ылайык чыгарылса, республикада кээ бир трансформаторлор 45 жылдан ашык иштеп жатканы белгилүү болду.

Эскирген жабдууларды узун убакытка оңдоп колдонууга мажбур болуп жатышат. Бир нече жыл мурун эски жабдуулар 70-80%ка чейин жеткен, ал кезде ремонт иштерине жеке каражаттар жумшалган.

Министр жыл сайын мүмкүнчүлүккө жараша жабдууларды жаңыртууга аракет кылып жатышканын кошумчалады.

Мындан сырткары, 17-июлда эки 220 киловольттук жогорку чыңалуудагы линиянын авариялык өчүрүлгөндүгү себебинен массалык ток өчүрүү болуп, системалык автоматика жүктү өчүргөн.