Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Баткен жана Ош облустарына болгон жумуш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Президентке маалыматты Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек берди. Ал 2021-2026-жылдар аралыгында аткарылган иш-чараларга токтолду. Акимдин айтымында, райондо инфраструктураны жакшыртуу, калктын жашоо деңгээлин көтөрүү жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө.
Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 миллион сомдон 864,6 миллион сомго чейин өстү. 2026-жылдын аягына чейин 1 миллиард 50 миллион сомго жетет деп күтүлүүдө. Өсүш 161,8% же 61,8% түзөт.
Негизги көрсөткүчтөр (2021–2026)
2026-жылы район боюнча 36 жаңы ишкана ишке киргизилген, анын ичинде «Мега Газоблок КейдДжи» автоклавдык газоблокторду чыгаруучу завод бар. Инвестициянын көлөмү 1 миллиард 200 миллион сомду түздү. Белгиленген мезгилде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, фонддордун жана ишкерлердин эсебинен 356 объект курулуп, пайдаланууга берилди.
2021-2026-жылдары жалпы узундугу 136,5 км болгон жолдор асфальтталган. Анын 77,5 километри мамлекеттик жолдор, республикалык бюджеттин эсебинен оңдолгон.
Сапардын алкагында президент Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда ал аймактарга баруу жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуу салтка айланганын белгиледи.
Эске салсак, 11-октябрда президент Баткен жана Ош облустарына эки күндүк жумуш сапары менен кеткен. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Ошондой эле сапардын жүрүшүндө Ош шаарындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен таанышуу күтүлүүдө.













