Бул маселе мамлекет башчысынын Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлдү.
Жергиликтүү тургундун айтымында, анын уулу чек ара бекетиндеги жаңжал учурунда курман болгон. Айыл өкмөтү медициналык мекемеге анын уулунун ысымын ыйгаруу чечимин кабыл алган, бирок имараттын курулушу али бүтө элек.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев курулуш иштери ноябрда аяктай турганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү жана медициналык мекемеге курман болгон аскер кызматкеринин ысымын ыйгарууну тапшырды.












