Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Жеңишбек Асылбек мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн жаңы шаар башчысы Кара-Балта активдерине тааныштырылды. Дайындоо шаардагы экологиялык кырдаал курчуган учурга туш келди. Тургундар бир нече айдан бери өнөр жай ишканаларынан чыккан түтүн, абанын булганышы боюнча даттанып келишет.

9-октябрда Табигый ресурстар министрлигинин өкүлдөрү шаарда абанын булгануу деңгээли төрт эсе ашканын билдиришкен. Адистер негизги булактардын бири катары «Азия Сталь» металлургиялык заводу экенин айтышкан. Кийинчерээк экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери ишкананын эритүүчү мешин пломбалап, анын ишин токтотуу талабы менен сотко кайрылышкан.

Экологиялык чыр башка өнөр жай ишканаларына да тиешелүү болду. Атап айтканда, тургундар «Джунда» нефтини кайра иштетүү заводунун ишине нааразы болушкан. Бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда алар жагымсыз жыт, ден соолук көйгөйлөрү тууралуу айтып, чара көрүүнү талап кылышкан.

Жеңишбек Асылбек 1988-жылы Бишкекте туулган. Ал Россиянын ФСБ академиясын аяктаган. Ар кайсы жылдары УКМКда, Энергетика министрлигинде иштеген. 2025-жылдын 14-августунан тартып Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы кызматын аркалаган.

Кадр чечими

Кара-Балта шаарынын мэри

Бошотулду

Алмазбек Исаков

2026-жылдын сентябрында кызматтан кеткен

Дайындалды

Жеңишбек Асылбек

Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тескемеси