президента Садыр Жапаров ар бир облуста жарандарга бекер юридикалык жардам көрсөтө турган адвокаттар дайындаларын билдирди. Алардын айлыгын мамлекет төлөйт.

Бул демилге Талас облусунда жергиликтүү тургундар менен өткөн жолугушууда айтылды. Анда жарандар жер талаштары боюнча көйгөйлөрүн көтөрүштү.

Жер талашы жана «кызыл китеп» көйгөйү

Жолугушууда айым 1982-жылы апасы Талас облусунан 8 сотых жер сатып алганын айтты. 2017-жылы ал «кызыл китеп» алуу үчүн мамлекеттик органдарга кайрылган, бирок документтер 5 сотыхка гана берилген. Калган 3 сотых жерди чиновниктер сатып жибергенин билдирди.

Облус башчысы бул талаш али чечиле элек экенин, себеби экинчи ээси да 3 сотыхка «кызыл китеп» алганын айтты. Мындай иштер сотко өткөрүлөт.

Айым жети баласын жалгыз багып жатканын, адвокат жалдоого акчасы жоктугун айтты.

Ар бир облус борборунда бекер адвокаттар болот. Алардын айлыгын мамлекет төлөйт.
Садыр Жапаров

Президент чиновниктердин «адвокат жалда» деп жарандарды кайра жибергенин сындады. Ал ар бир облуста жарандарга бекер жардам көрсөтүүчү адвокаттар дайындаларын баса белгиледи.