Рустам Абдигапуровдун кичи иниси жазасын өтөөдөн бошотулду. Ал экстремизм боюнча айыпталган учурда Кыргызстанга экстрадицияланган жаран болгон. Бул маселе президент Садыр Жапаровдун Аксы районунун тургундары менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн эди.
Абдигапуровдун билдирүүсүнө таянсак, анын иниси эки күн мурун эркиндикке чыккан. Учурда ал Бишкек шаарында, эң улуу эжесинин үйүндө жүрөт. Документтерди тартипке келтиргенден кийин, эртең ал айылына жөнөйт.
Буга чейин президент Садыр Жапаров тиешелүү кызматтарга бир айдын ичинде помилоо маселесин чечүү жана дарылоого көмөктөшүү боюнча тапшырма берген. Айыпталуучу жарандын жазасын өтөөгө дагы 3 жыл убактысы калган.
Медициналык чыгымдар боюнча маалымат











