Антикоррупциялык ишкердик кеңеши журналисттер үчүн атайын тренинг уюштурду. Бул иш-чара коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
Кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканованын айтымында, журналисттер коомдук пикирди калыптандыруучу негизги күч болуп саналат. Ал коррупциянын алдын алуу жана коомдо ак ниеттүүлүк маданиятын өнүктүрүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана блогерлердин ролу чоң экенин баса белгиледи.
Документтен
Медиа жана жарандык коомдун кесипкөйлүгүн жогорулатуу аркылуу коррупцияга каршы көз карашты калыптандыруу.
Аталган окутуу иштер коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегиянын 4-главасындагы «Жарандык коом, ЖМК жана медиа коомчулуктун башка өкүлдөрү менен өнөктөштүк» багытынын 1-пунктунда белгиленген милдетти аткарууга багытталган.
- 2021-жылдын 8-июлу — Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн











