Road to UFC 5-сезону Азия-Тынч океан регионунун мыкты аралаш аскердик өнөрлөрү боюнча мелдеш болуп саналат жана жеңүүчүлөрү UFC менен келишимге ээ болуп, дүйнөлүк деңгээлде таанылууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жарым финалдык беттештер 28-августта Шанхайдагы жабык стадиондо өткөрүлөт. Азыркы тапта 52 кг салмак категориясында кыргызстандык Фарида Абдуева 8-1 көрсөткүч менен күч сынап жатат.

Фарида Абдуева мелдештин чейрек финалында Кытайлык атаандашын утуп, жарым финалга чыкты. Ал эми жарым финалда Кореялык 9-3 көрсөткүчтөгү Пак Бохён менен беттешет.

Ошол эле салмак категориясындагы кыргызстандык дагы бир спортчу Анеля Токтогонова (6-2-1 көрсөткүч) мелдеште Япониялык Мачи Фукудага акыркы беттеште экининчү раундда жеңилип калды.