Узак мөөнөттүү булганган абага таасир этиш кандагы өзгөрүүлөргө алып келерин илимпоздор тастыкташты. Бул таасирлер рак пайда болордон бир нече жыл мурда байкалат.
Nature Communications журналында жарыяланган изилдөөдө 1357 адамдын канынан алынган материалдар талданып, аларда рак белгилери жок болчу.
Булардан чыккан жыйынтык боюнча, аба булганганда кандагы метаболиттердин курамы өнөкөт сезгенүү, окислоочу стресс жана энергетикалык метаболизмдин өзгөрүүлөрү менен байланыштуу экенин аныкташты.
Бул изилдөө өзгөчө тамеки чекпегендер үчүн маанилүү, анткени азыркы күндө ракты аныктоочу программалар көбүнчө тамеки тарткан адамдарга карай түзүлгөн.
Изилдөөнүн жыйынтыктары азырынча рак диагнозун коюуда колдонулбастан, келечекте кан анализдери аркылуу рак коркунучу жогору болгон адамдарды эрте стадияда аныктоого жардам берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.





