президента Садыр Жапаров Кант жана Ысык-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда жер маселелери боюнча токтолду. Ал топтолуп калган жер талаштарын жана жерди мыйзамсыз каттоо көйгөйлөрүн эки жылдын ичинде жөнгө салууну тапшырды.

Мамлекет башчынын айтымында, мындай жолугушууларда түшкөн кайрылуулардын болжол менен 90 пайызы жер сатып алуу учурунда алдамчылыкка жана жасалма документтерге туш болгон жарандардан куралат. Көптөгөн адамдар азыркы учурда өз укуктук жана мүлктүк маселелерин чече албай жатышат.

Тургундар жолугушууда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, мектептерди жана спорттук объекттерди куруу жана оңдоо, мамлекеттик ипотекалык программа боюнча турак жай менен камсыздоо сыяктуу башка маселелерди да көтөрүштү.

Садыр Жапаров ар бир кайрылууну мыйзамдардын алкагында карап чыгуу зарыл экенин баса белгиледи.