Бүгүн саат 12:22де Бишкек – Ош автожолунун 155-километринде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИМ башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ош облусуна карай түшүк багытта Scania маркасындагы жүк ташуучу унааны башкарган 1980-жылы туулган айдоочу тормоздук система иштебей калгандыктан, унааны башкара албай, жолдон чыгып, бийиктиктен кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 2002-жылы туулган жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышты. Алар Суусамыр айылынын тез жардам кызматына кайрылып, ал жерден медициналык жардам алышты.

Учурда бул окуя боюнча Жайыл районунун ИИМи тарабынан тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.