Балыкчы шаарында өткөн жолугушууда Бостери айылынын тургуну Таалайбек уулу Эрдик президент Садыр Жапаровга өз сунуштарын билдирди. Инвалид коляскасында жүргөн жаран социалдык объекттерде жана мектептерде майыптыгы бар адамдар үчүн шарттардын жетишсиздигинен нааразы болгон.

Кээде пандустар жөн гана формалдуу түрдө, «галочка» үчүн коюлат. Кирүүчү жерде бар, бирок имараттын ичинде жок.
Таалайбек уулу Эрдик

Анын айтымында, көптөгөн имараттарда пандустар жок болгондуктан, майыптыгы бар адамдардын ичине кирүүсү жана кыймылдоосу абдан кыйын болуп жатат. Тургун курулушчуларды социалдык объекттерди жана мектептерди куруп жатканда сөзсүз түрдө пандустар менен жабдууга милдеттендирүүнү сунуштады. Ошондой эле, пандустар орнотулгандан кийин гана имараттарды иштетүүгө уруксат берүү керектигин белгиледи.