Кыргызстандын бардык аймактарында бир жолку пластик пакеттерди колдонууга толук тыюу салуу 2027-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Бул максатта Бишкек шаардык жана Аламүдүн райондук аймактык башкармалыктарынын инспекторлору «Дордой» базарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө соода түйүндөрүндөгү сатуучуларга эскертүүчү баракчалар таратылды. Инспекторлор пластик калдыктарын азайтуу жана жаратылышты коргоо үчүн бул чектөөлөрдүн эмне үчүн зарыл экенин айтып беришти.
Мындан тышкары, базара администрациясына тиешелүү талаптар боюнча маалымат берилди. Аларга соодагерлердин арасында маалыматтык иштерди өз убагында жүргүзүү жана белгиленген эрежелерди сактоо сунушталды.
Экология жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылышты коргоо максатында жарандарды жана ишкерлерди жаңы талаптарга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.









