Бишкек шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу тармактар аралык окуу борборунда «Экологиялык коопсуздук» багытындагы кезектеги окуу курсу аяктады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министрликтин маалыматына ылайык, курс экологиялык кызматтардын борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн, ошондой эле мамлекеттик жаратылыш парктары менен коруктардын кызматкерлеринин кесиптик билимин тереңдетүүгө жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган.
Курстун үчүнчү этабынын жыйынтыгы боюнча 22 адис квалификациясын жогорулатты. Окуу программасы теориялык билимдерди өздөштүрүүгө гана эмес, кызматтык милдеттерди аткарууга зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө да басым жасап уюштурулган.

























