Кыргызстанда кесиптик стандарттар жаңыртылып, Улуттук квалификация системасы өнүктүрүлөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
31-июлда Бишкекте Улуттук квалификациялык кеңештин жыйыны өтүп, ага мамлекеттик органдардан, жумуш берүүчүлөрдөн, кесиптик бирикмелерден жана билим берүү мекемелеринен өкүлдөр катышты.
Жыйында Улуттук квалификация системасын өнүктүрүү, тармактык квалификациялык алкактарды түзүү, кесиптик стандарттарды жаңыртуу жана алардын иштеп чыгуу методологиясын өзгөртүү маселелери каралды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Мирланбек Байгончоковдун айтымында, бул системаны өркүндөтүү муктаж болгон адистерди даярдоону жана кесиптик кадрлардын сапатын жогорулатуу максатында маанилүү.
Жыйындын жыйынтыгында Кеңештин мүчөлөрү Улуттук квалификация системасын өнүктүрүүнү жана кесиптик стандарттарды өркүндөтүүнү колдоп, мамлекеттик органдар, жумуш берүүчүлөр жана билим берүү системасынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнү токтотушту.















