Кыргызстанда 2027-жылдагы хаджга каттоо иштери 25-августтан башталат. Бул тууралуу Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиядан кабарлашты.
Хадж сапарына катышууну каалагандар биринчи төлөм катары 180 миң сомду төлөөгө тийиш болот.
Катталуу жана төлөм жөнүндө маалымат Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын расмий булактарынан алынган.






