Ала-Арча тоолорунда болгон трагедиянын алдын ала себеби адамдык фактор экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Канатбек Чыныбаев билдирди. Бул маалымат Жогорку Кенештин өзгөчө кырдаал кызматтарынын ишин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын жыйынында айтылды.
Министрдин айтымында, 14 жаштагы Амирдин жардам сураган кайрылуусу диспетчердик кызматтын деңгээлинде гана калып, тиешелүү кызматтар тарабынан дароо реакция болгон эмес.
Канатбек Чыныбаев болгон окуя үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр экенин белгиледи. Учурда аскердик прокуратура тергөө жүргүзүп жаткандыгын жана издөө-куткаруу иштерин уюштуруу алгоритмдери кайра каралып жатканын кошумчалады.
Депутаттардын сунуштары
Депутат Гулшаркан Култаева өзгөчө кырдаал учурунда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарыл экенин белгиледи. Ал МЧС кызматкерлери башка куткаруу операциялары менен занят болгон учурда, кошумча кызматтарды тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады, ошондой эле тоо чокуларына чыгуу үчүн уруксат берүү маселесин көтөрдү.
Ал эми депутат Табылды Муратбеков Ала-Арчадагы окуя МЧСдин ишиндеги системалык көйгөйлөрдү ачканын айтты. Ал жаштар арасында тоо туризминин популярдуулугу өсүп жаткандыгын эске алып, туристтик маршруттарда коопсуздук чараларын күчөтүү керектигин белгиледи.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов уруксат берүү системасын киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди. Депутат Чолпон Эсенаманова болсо мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыккан сунуш-пикирлерди ишке ашырууда мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.














