Стамбул шаарында өткөн жолугушууда ОТГнын ишмердүүлүгү жана Тюрк дүйнөсүндөгү регионалдык кызматташтыктагы ролу талкууланды.
Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту — Орто коридорду колдонуу аркылуу Азия менен Европаны байланыштыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тараптар соода жана инвестиция, энергетика, транспорт, санариптештирүү, инновация, жашыл трансформация, билим берүү жана элдер аралык байланыштарды өнүктүрүү жаатында кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты.
Япон тарап Тюрк дүйнөсү менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди жана ОТГ+ форматындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга макул болду.


















