Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан жана мурда оңдоп-түзөөгө муктаж болгон аймак эми шаар мекендештери үчүн жагымдуу коомдук мейкиндикке айланды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги бул жаңылоонун аяктаганын билдирди.

Бул аймакты көрктөндүрүүдө Ош шаардык шаар куруу жана архитектура департаментинин жаш адистери иштеген. Алардын даярдаган эскиздик долбоорунун негизинде шаардык чөйрөнү заманбап кылып өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Иштердин негизги максаты — Оштун тургундары жана коноктору үчүн эс алууга ыңгайлуу шарттарды түзүү болгон. Учурда аталган долбоор толугу менен ишке ашырылып, колдонууга берилди.