Бишкек шаарында Жусуп Абдрахманов менен Московская көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтта коомдук мейкиндикти маданий жана функционалдуу жактан жакшыртуу максатында жаңы долбоордун эскизи түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Долбоор Бишкек шаарынын шаар куруу башкармалыгына караштуу шаардык дизайн бөлүмү тарабынан иштелип чыгып, шаар бийлиги тарабынан колдоого алынууда.

Долбоордун негизги максаты — шаар тургундарына жана конокторуна ылайыктуу заманбап көп функционалдуу коомдук аянт түзүү.

  • Эс алууга ылайыктуу аймактар курулат
  • Шахмат ойнолуучу аянтча жайгаштырылат
  • Көчөдө китепкана бөлүмү уюштурулат
  • Балдар ойноочу жана спорт аянтчалары пайда болот
  • Фонтан жаңыланат
  • Парковка жана коомдук даараткана курулмакчы

Андан тышкары, долбоордо жөө жүргүнчүлөр менен унаа агымдары так бөлүнүп, аймактын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу жогорулатылат.

Долбоорду ишке ашыруу жана мейкиндикти жакшыртуу иштерин Бишкек шаарынын мэриясы жүзөгө ашырат.