Социалдык тармактарда тараган видеолордо студенттердин кооптуу жол менен каналды ашып өтүп жаткан учурлары катталды. Алар каналдын үстүндөгү темир түтүктү өтмөк катары колдонушуп жатышат.

Nomad булагынын маалыматы боюнча, бул кооптуу жолду негизинен медицина жана биология факультеттеринин окуучулары колдонушат. Шаардык тургундар бул кырдаалдын алдын алуу үчүн мэрияга жаңы көпүрө куруп берүүнү сунуштап жатышат.