Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматы Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Шорсай участогунун жер астындагы байлыктарды пайдалануу укугун сатуу боюнча аукцион жарыялады.
Аукцион гипстин запастарын табуу үчүн геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнү көздөйт. Жарыяланган маалыматка ылайык, бул аймак мурда изилденген эмес, ошондуктан ал жерде атайын изилдөө иштерин жүргүзүү зарыл.
563 доллар баштапкы баа
Аукциондун баштапкы баасы белгиленген.
Аукцион 2026-жылдын 28-декабрында Ноокат шаарындагы Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын имаратында өтөт.







