Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АБИИ) ортосундагы алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралууга берилди. Бул документ 2026-жылдын 27-сентябрында Доха шаарында кол коюлган.
Негиздеме документтерине ылайык, тартылган каражаттар экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга жумшалат.
Алкактык макулдашуу боюнча насыялардын жалпы суммасы 500 миллион долларга чейин жетет. Бирок, ар бир конкреттүү долбоор же программа боюнча өзүнчө келишимдердин негизинде гана каражаттар бөлүнүп берилет.
Мыйзам долбоорунун өзгөчөлүгү — инвестициялык долбоорлорду макулдашуу жана ишке киргизүү процедураларын жөнөкөйлөтүү болуп саналат. Эгерде алкактык макулдашуу ратификацияланса, анын тиркемесине кирген долбоорлорду кайрадан ратификациялоо процедурасынан өтпөстөн тариздөөгө болот.
Насыяларды берүү шарттары, анын ичинде каржылоо көлөмдөрү жана башка маанилүү параметрлер Кыргызстан менен АБИИ ортосундагы өзүнчө келишимдерде аныкталат.





