Алай районунун 60 жаштагы тургучу жүрөгүндөгү оорунун себептерин аныктоо үчүн медициналык борборго кайрылган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында дарыгерлер аорта-коронардык шунттоо ыкмасын колдонууну чечишкен. Бул процедура кан тамырлардын тарыган же бүтөлүп калган жерлерин айланып өтүү үчүн кошумча жолду түзүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада жүрөк булчуңдарына кан барышы жакшырат.

Бул татаал хирургиялык иштерди клиниканын кардиохирургу Жакшылыком Абдимиталип уулу жетектеген дарыгерлер тобу аткарган. Операция учурунда бейтаптын жүрөгү иштеп турган. Мындай ыкма заманбап жабдыктарды жана хирургдердин өтө так иштешин талап кылат.

Бейтап жөнүндө маалымат

60бейтаптын жашы
12ноябрь, кайрылуу күнү
16ноябрь, операция күнү

ОшМУнун медициналык борборунун маалыматы боюнча, бул ийгилик борбордун татаал хирургиялык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жаткандыгын далилдейт. Дарыгерлер заманбап ыкмаларды колдонуу менен мындай операцияларды жергиликтүү жерде өткөрүүнү максат кылып коюшкан. Бул бейтаптардын башка аймактарга кетүү зарылчылыгын азайтууга жардам берет. Учурда оорулуунун абалы туруктуу.