Бишкек, 29-октябрь. Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык билим берүү форумунда беш чет элдик жогорку окуу жайы менен кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимдерге кол койгонун билдирди.

Университеттен кабарлашкандай, кол коюлган документтер билим берүү жана илим тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Форумга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Польша, Түркия, Канада жана башка өлкөлөрдөн билим берүү уюмдарынын жетекчилери, окумуштуулар жана эл аралык эксперттер катышты.

ОшМУнун өкүлдөрү форумдун алкагында чет элдик университеттердин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү окуу жайлары менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюлду:

Белгиленгендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу, кош дипломдук программаларды өнүктүрүү, ошондой эле студенттердин жана окутуучулар курамынын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты.