Ош шаарында жайгашкан следстволук изолятордун имараты музейге айланат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Мэр Жанарбек Акаевдин айтымында, азыркы СИЗО имараты шаардан чыгарып, Отуз-Адыр айылына көчүрүлөт. Ал жердеги эски имарат музей катары колдонулмакчы.

Бул тарыхый имарат 1890-жылдарда Курманжан Датка жана Алимбек Датканын уулу Камчыбек тарабынан караван-сарай катары курулган.

Учурда СИЗО катары колдонулуп келген имараттын тарыхын сактап калуу жана аны туристтер үчүн ачуу максатында музей катары ачылат.