Малярия дагы эле эң кооптуу паразитардык оорулардын бири бойдон калууда. Бул оору адамдарга жуккан чиркейлердин чакканы аркылуу жугат. Бишкек шаардык саламаттыкты чыңдоо борбору жарандарды алдын алуу чараларын сактоого чакырат.

Адистердин айтымында, малярияны плазмодий паразити козгойт, ал эми ооруну таратуучулар — Anopheles тукумундагы ургаачы чиркейлер. Чиркей оорулуу адамды чаккандан кийин башка адамдарга инфекцияны жугузушу мүмкүн.

Оорунун негизги белгилерине жогорку температура, чыйрыгуу, ысытма кармоо, тердөө, баш оору, алсыздык жана жалпы начарлоо кирет. Оор учурларда эс-учун жоготуп коюу да мүмкүн. Маляриянын мүнөздүү өзгөчөлүгү — циклдүүлүгү: кармоолор эки-үч күндүк аралыкта кайталанышы мүмкүн.

Борбор оорунун алгачкы белгилери байкалганда дароо медициналык жардамга кайрылуу керектигин баса белгилейт. Убагында дарыланбаса, малярия аз кандуулукка, боор, көк боор жана башка ички органдардын жабыркашына, ошондой эле организмдин жалпы начарлашына алып келиши мүмкүн. Эрте диагноз коюу жана туура дарылоо менен оору толугу менен айыгат.

Алдын алуу үчүн адистер чиркей чаккандан коргонууну сунушташат: терезелерге жана эшиктерге чиркей торлорун колдонуу, репелленттерди пайдалануу, ошондой эле курт-кумурскалардын көбөйүүчү жерлерин жок кылуу — токтоп турган суунун топтолушуна жол бербөө, арыктарды жана суу объектилерин өсүмдүктөрдөн тазалоо жана айлана-чөйрөнү таза кармоо зарыл.