Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, милиционерлер жээктеги аймактарды кайтарууда. Алар эс алуучуларга сууда жүрүү коопсуздугунун эрежелерин, коомдук тартипти сактоону жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууну эскертип турушат.
Рейддердин жүрүшүндө айрыкча балдарга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Ата-энелерге жашы жете элек балдарды суунун жанында кыска убакытка болсо да кароосуз калтырбоо керектиги эскертилүүдө.
Милициянын белгилешинче, мындай иш-чаралар жай мезгилинде кырсыктардын жана укук бузуулардын алдын алуу максатында жүргүзүлөт.













