Кыргызстанда жол кырсыктарынын эң кооптуу убактысы — түндөн эртең мененки саат 07:00гө чейинки мезгил экени белгилүү болду. Бул убакта болгон авариялардын кесепеттери өтө оор болуп жатат.

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев билдиргендей, жол кырсыктарынын негизги бөлүгү айдоочулардын өз каталарынан улам ишке ашып жатат.

Айдоочулардын каталарынын арасында ылдамдыкты ашыруу, карама-каршы тилкеге чыгып кетүү жана маневр жасоо эрежелерин бузуу сыяктуу факторлор алдыңкы орунда турат.

Эң аялуу курак — 25ден 40 жашка чейин

Статистикага таянсак, өлкөдөгү жол кырсыктарына көбүнчө 25 жаштан 40 жашка чейинки жарандар катышып жатат. Бул курактагы адамдардын арасында жабыркагандардын жана каза болгондордун көрсөткүчү эң жогору.

Бул жерде негизинен жаш адамдар отурушат. Адам окуу жайын бүтүрүп, жаңы кесип ээ болуп, мамлекетке пайда алып, үй-бүлө куруп, балдары болуп жаткан учурда биздин өлкөдө жол кырсыгына эң көп кабылат. Ал майып болуп калат же каза болот. Бул жөн эле теория эмес, акыркы тогуз айдагы тастыкталган маалыматтар.
Бахрам Сайтходжаев